Бишкекте жашыруун баңгизат сатып жүргөн укук коргоо кызматкери кармалды

23-июлда Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын кызматкерлери 33 жаштагы Т.Ч. аттуу жаранды колго түшүрүп, андан 1 килограммга жакын героин алынган. Факты боюнча УКМКнын тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаранга баңгизатты Бишкек шаарынын тургуну, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери, 1971-жылы туулган Замирбек Шаршеев алып келип берип жүргөндүгү аныкталды. Анын үйүнө тинтүү жүргүзүшкөндө, 1 килограмм 199 грамм гашиш, 91 грамм героин жана 357 грамм апийим табылган. Учурда бул факты толук иликтенүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
mayoral
2013-07-24 17:38:58
Кыныр иш кырк жылда билинет.
0
murgab2013
2013-07-24 18:17:49
Балык башынан сасыйт деген кармагандар да жарымын алып калгандыр жашырып
0
kojojaw
2013-07-24 19:41:10
antip jaman oilobow kerek. jakwy kylat andailardan koobyn karmaw kerek..
0
kitikat
2013-07-24 21:36:22
чекитиш
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан