3 кыргыз спортчусу Германияда өтүп жаткан дзюдо боюнча Гран-при мелдешине барбай калды

Бүгүн, 22-февралда Германияда дзюдо боюнча эл аралык Гран-при мелдеши старт алат. Бул мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн 10 спортчу бармак, бирок анын ичинен 3 спортчу барбай калды.

Дюссельдорф шаарында өтүп жаткан мелдеш 24-февралга чейин уланат. Мелдештин алгачкы күнү 60 жана 66 килограмм салмак ченинде беттештер орун алат.

Улуттук дзюдо федерациясы билдиргендей, курамда өзгөрүүлөр орун алып, аталган салмактагы балбандар мелдешке катышпай калышты. Алар: Отар Бестаев, Артур Тё жана Алмаз Алтынбек уулу.

Кыргыз спортчулары татаминин үстүнө 23-февраль күнү чыгышат. Алар Ишен Аманов, Бексултан Султанов жана Владимир Золоев.

Мелдешке катыша турган Кыргыз дзюдочуларынын тизмеси:

73 килограммга чейинки салмак ченинде: Ишен Аманов жана Бексултан Султанов;

81 килограммга чейинки салмак ченинде: Владимир Золоев;

90 килограммга чейинки салмак ченинде: Фарух Булеркулов жана Эрлан Шеров;

100 килограммдан жогорку салмак ченинде: Юрий Краковецкий жана Бекболот Токтогонов;

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан