Кыргыз бийчилери Орусияда өткөн спорттук бал бийи боюнча өткөн эл аралык мелдеште 2 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн Спорттук бий боюнча федерациясынын президенти Cергей Титунин билдирди.
Анын айтымында, аталган мелдеш Новосибирск шаарында өтүп, ага Кыргыз өлкөсүнөн 3 жуп катышкан.
"Орусиянын Новосибирск шаарында "Сибирь борбору-2019" аттуу мелдеш өттү. Ага Орусия, Малайзия, Түркмөнстан, Филиппин, Казакстан, Япония жана Кыргыз өлкөсүнөн 700дөн ашуун спортчу катышты. Анда Кыргыз өлкөсүнөн барган бийчилер Алишер Сейдалиев жана Азиза Жолдошева 58 бийчи жуптун арасынан мыкты болуп, 1-орунду ээлешти. Ал эми Давид Саламау жана Рината Сапрыгина башка категорияда 2-орунду ээлеп, күмүш медаль тагынышты", - деп айтты Сергей Титунин.