Чүй облусунун Жайыл районундагы жол кырсыгынан бир тонна күйүүчү май жолго төгүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Кырсык бүгүн, 24-июлда саат 07:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 95-чакырымында болгон. Анда Фоттон үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаанын айдоочусу Малик Шайдуллаев рулду башкара албай калып, унаа аласалып кеткен. Кырсыктын кесепетинен күйүүчү май ташыган прицеби жолго кулап, 1 тонна солярка жолго төгүлгөн. Төгүлгөн соляркадан чөп өсүмдүктөрүнө жана жаратылышка зыян келтирилген эмес. Жабыркагандар жана каза болгондор жок.