23-июлда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кытай айылында болгон жол кырсыгынан 14 адам каза болуп, 8 адам келтирилген жаркаттардан улам ооруканага жаткырылган. Буга чейин каза болгондордун биринин өздүгү такталбай жаткан. Учурда анын аты-жөнү такталып, ал Богатырёвка айылынын 1962-жылы туулган Алексей Семакин аттуу тургуну экени белгилүү болду. Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, окуяны териштирүү иштери жүрүп жатат.