Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун башкы катчысы Дүйсен Касеинов менен жолугушту. Бул тууралуу кечээ, 22-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө 2019-жылы Ош шаары түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору катары жарыялануусу алкагындагы иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча уюштуруу маселеси талкууланды.
Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, Кыргыз эли үчүн Ош шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары тандалып алынышы абдан маанилүү. "Аталган иш-чара алагында өлкөгө бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келет, ошол эле учурда мунун өзү республикага туристтерди тартууда да мыкты өбөлгө түзөт. Бизде ири эл аралык иш-чараларды өткөрүү боюнча тажрыйба жетиштүү. Ош шаары өзүн Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору наамына татыктуу деңгээлде көрсөтөт деп ишенебиз", – деди Өмүрбекова.
Дүйсен Касеиновдун айтымында, Кыргыз Республикасы Ош шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору иретинде тийиштүү иш-чараларды өткөрүү үчүн белгилүү деңгээлдеги чыгармачыл мүмкүнчүлүккө эгедер. "Биз шаар жана анын инфраструктурасы менен жакындан таанышып чыктык, Ош шаары жогорку деңгээлдеги иш-чараны ийгиликтүү өткөрүү үчүн тийиштүү шарттарга ээ экендигин билдире алабыз", - деп кошумчалады ал.
Ош шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары жарыяланышы боюнча чечим 2019-жылы Түркиянын Кастамону шаарында 2018-жылдын 18-декабрында өткөн ТҮРКСОЙдун курамындагы өлкөлөрдүн маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 36-жыйынында кабыл алынган.
Кыргыз өлкөсүнүн шаары алгачкы ирет Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары жарыяланып жатат.