Бүгүн, 23-февралда Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган көк бөрү боюнча мелдеш өтүп жатат. Анда өкмөттүн курама командасы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин курамасын жеңип, финалга чыкты.
Өкмөт менен аталган агенттиктин ортосундагы оюн 6:5 эсебинде аяктады. Жеңишке жеткен өкмөт курама командасы эми финалда Жогорку Кеңештин курамасы менен журналисттердин ортосундагы беттештин жеңүүчүсү менен ойнойт.