Көк бөрү беттешинде Жогорку Кеңештин курама командасы журналисттерди жеңип, финалга чыкты

Бүгүн, 23-февралда Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган көк бөрү боюнча мелдеш өтүп жатат. Анда Жогорку Кеңештин курама командасы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жеңип, финалга чыкты.

Оюндун жүрүшүндө беттештин 3 таймында тең эсеп ачылган жок. Командалар кошумча таймда оюн жүргүзүп, анда Жогорку Кеңештин командасы 5-мүнөттө улакты тай казанга таштап жеңишке жетти.

Эми Жогорку Кеңештин командасы финалда өкмөттүн курамасы менен беттешсе, журналисттер Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин курамасы менен беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azat.97
2019-02-23 14:16:12
Э булар улакты алсан олосун деп эле утуп атат окшойт окмоту деле жогорку кенеши деле.
+4
Shekeev969798
2019-02-23 14:37:47
Azat.97,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан