"Кыз-Бурактын" мурдагы солисттеринин чыры. Кенже Дүйшеева Айжамал Кабыловага: "Сени бүткүл кыргыз элинин алдында түз эфирге чакырам!"

Легендарлуу "Кыз-Бурак" тобунун мурдагы солисттери, учурдагы жеке ырчылар Айжамал Кабылова менен Кенже Дүйшееванын ортосундагы чыр көптүн назарын бурган. Социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу пикирлерин жазып, ойлору менен бөлүшкөн эки ырчынын кайым айтышуусу дале токтой элек.

Кечээ, 24-февралда Айжамал Кабылова Инстаграмдагы баракчасына төмөнкү билдирүүнү калтырган: "Сөөмөйүңүздү койкоңдотуп чындыкты сүйлөмүш этип, бирок ичиңизде жашырган арамдыгыңыз менен кошо жашап жүргөнүңүзгө боорум ачыйт!"

Мындан сырткары Кабылова Кенже Дүйшеевага арналган 4 бөлүктөн турган билдирүү жазды. Анда ырчы айым Дүйшеева менен буга чейин болгон талаш-тартыштарын ачыктаган.

Буга жооп катары бүгүн, 25-февралда Кенже Дүйшеева социалдык тармактагы баракчасына төмөнкү билдирүүнү жазды: "Өкүнүчтүү! Дагы деле өз оюң, пикириңдин жоктугун көрсөттүң! Сени бүткүл кыргыз элинин алдында түз эфирге чакырам! Бетме-бет, кел! Сага жазып беришкени көрүнүп турат. Муну менин дарегиме болгон каралоо деп кабыл алдым! 100 пайыз калп! Бул иштин башында ким турганын эми аңдадым!"

Буга чейин ырчы Айжамал Кабылова интернеттеги каналдардын бирине маек берип, анда Кенже Дүйшеева тууралуу кеп козгогон. Маекте Айжамал Кабылова Дүйшеева менен эмнеге мамилесин үзүп койгону тууралуу айтып берген. Мындан кийин Кенже Дүйшеева жеке баракчасына Кабылованын чыгармачылыгына байланыштуу 3 бөлүктөн турган эскерүү постун жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (37)
kechirmeni
2019-02-25 12:30:50
Ырбап кетсе зыяны кобойуп кетпесин, жараштырып койгула Гулшайыр эже, сизге эле соз тиет карап койбойбу деп
+1
Tiken
2019-02-25 13:10:49
Акча бар жерде уруш бар... Маданияттын окулдору койгула эми... Ошол учун «адам арыгын сактасан тобонду кандайт»-деп коет го... Уялгыла элден!!!
+3
sherzatik
2019-02-25 13:40:29
Адам баласына ыйман жетишпесе ушундай болуп калат экенбиз!
+4
bonbonita
2019-02-25 13:59:27
маданият адамдары маданиятсыз болушат
+8
kechirmeni
2019-02-25 15:13:55
Маданияттын "кумалактары"
+4
Mavlyuda
2019-02-25 16:43:04
Карап турсаңар эмки жылы ушул маалда экөө өлө ынтымак болуп катташып жатып калышат. 3-4 жыл мурда Айжамал берген маегинде Гулшайыр эже менен такыр байланышпайм деп, Кенже эжесин өлө мактаган болчу. Кенже менен Гулнара деле өтө ынак болушуп Гулшайыр эже менен мамилени үзүшкөн. Кайра бир мезгилден кийин Гулнара менен Айжамал биригип, Гулшайыр эже менен кучакташып сүрөткө түшүп жатышкан. Эми ккийинки очередде Гулнара менен Сайкалды да кошуп алышат булар, бирөөсү баштайт айтышып. ХХХХ ХХХХ
+2
Paprikafm
2019-02-25 17:25:06
Силердин проблемаңар бизге эмне кереги бар, туз эфирге чыккыдай силерди кыргыз эли уруштуруп жатабы, экөөнөр эле чечишип албайсынарбы, дагы маданияттуу адамдар имиш, үстүңөрдөн күлүп гана олтурабыз, алакүш алакүш деп, тынчыбайсынарбы эми тооба
+2
aida007
2019-02-25 17:32:12
Уят уят дагы Бир жолу уят!!!!
0
raykray
2019-02-25 18:41:37
Супер силерда жазбай эле койгулада,
0
Feliks-ashan
2019-02-25 19:43:34
Чону чон кичинеси кичинекей эмес!
0
Feliks-ashan
2019-02-25 19:44:23
Урматту супер Жазефина эмне болду
+2
Kgda
2019-02-25 20:00:11
Мен мурда Айжамалды ото сыйлайт элем жакшы да корот элем. Азыр тескерисинче. Кенжеге айтаарым Кенже ушундай башы жок кок мээ адамдарга конул бурбай эле койчу. Сен кучтуу адам экенинди далилдеп жатасынго "Жебе" тобун ушунча жылдан бери уратпай келе жатасын топтун жигитерин уйлоп да атасын ушул коп жетишкендик. Сени коро албагандар жамандап атышат конул бурбай койсон ноль внимания кылып ошондо сен женесин. Айжамал анык жузун 3 жыл мурда эле коргозуп койду, ошон учун менда аны сыйлабай ка
+2
nurhan2702
2019-02-25 20:32:28
Бирин Казакстанда ,бирин Ошто чырылдашпай сагынышып журсонор болбойбу.Уят эле!"Кыз-Бурактын "канчалаган кыздарын кордук ,бирок силерчелик уят болушкан эмес
+4
Nurtilek06
2019-02-25 22:41:27
Аман эле болушсун
0
Eliza1991
2019-02-26 01:08:57
Айжамал сендей ырчы миндин бири гана. Кайсарсынбы, сулуусунбу жамансынбы жакшысынбы мен сенин чыгармачылыгынды сыйлаймын. Болду эми ХХХХХХХХ тенелбе.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан