Эрежесиз уруш боюнча дүйнөдөгү эң беделдүү уюм UFC кыргыздан чыккан мушкер Антонина Шевченконун кийинки атаандашын атады. Бул тууралуу маалымат UFC'нин расмий сайтында жарыяланган.
Маалыматка ылайык, Антонина Шевченко UFC'нин алкагындагы 2-беттешин Орусиянын Санкт-Петербург шаарында боло турган мелдеште өткөрөт. Мелдеш "UFC on ESPN+ 7" деп аталып, 20-апрелде орун алат. Антонина Шевченконун атаандашы 36 жаштагы Роксанна Модаффери болот.
Эрежесиз уруш боюнча Модаффери 37 беттеш өткөрүп, анын ичинен 22 беттеште жеңишке жетип, 15 беттеште жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми, Шевченко 7 беттеш өткөрүп бардыгында жеңишке жеткен.