23-февралда Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында көк бөрү боюнча мелдеш болуп өттү. Бул мелдешке Жогорку Кеңеш, өкмөт, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, жалпыга маалымдоо каражаттарынын командалары катышты.
Мелдеш жарым финалдык баскычтан башталып, биринчи беттеште өкмөттүн командасы спорт агенттигин жеңип алса, экинчи беттеште Жогорку Кеңеш кошумча таймда журналисттер командасын жеңип алды. Ошентип финалга Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн командалары чыкса, 3-орун үчүн спорт агенттигинин жана журналисттердин командалары күч сынашты.
3-орун үчүн оюнда спорт агенттигинин курамасы журналисттерди 4:2 эсебинде утуп алды. Ал эми финалдык оюнда Жогорку Кеңештин командасы өкмөттү 2:0 эсебинде жеңди.
Муну менен 1-орунду Жогорку Кеңеш, 2-орунду өкмөт, 3-орунду спорт агенттиги жана 4-орунду журналисттер командасы ээледи.