22-24-февралда Германияда дзюдо боюнча эл аралык Гран-при мелдеши болуп өттү. Бул мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн 7 спортчу катышып, алар медалдарга илинген жок.
Дюссельдорф шаарында өткөн мелдеште жалпы эсеп менен 93 мамлекеттен 603 спортчу катышты. Мелдеште эркектер жана кыз-келиндер арасында 14 медалдар топтому ойнотулду.
Кыргыз спорчулары 4 салмак ченинде күч сынашып, тилекке каршы, медалдарга илинбей калышты.
73 килограммга чейинки салмак ченинде Ишен Аманов менен Бексултан Султанов күч сынашкан. Султанов алгачкы беттешинде эле япониялык Масаши Ебинубага жеңилип калса, Ишен Аманов алгачкы беттеште коста-рикалык Юлиан Санчону утуп, 2-беттеште БАЭнин спортчусу Виктор Скворторго утулуп калды.
81 килограммга чейинки салмак ченинде Азия оюндарынын коло медалынын ээси Владимир Золоев катышты. Ал 1-беттеште эле португалиялык Карлос Люзга утулуп калды.
90 килограммга чейинки салмак ченинде Фарух Булекулов жана Эрлан Шеров татаминин үстүнө чыккан. Жаштар арасындагы Азия чемпиону Эрлан Шеров казакстандык Азиз Калкаманулы менен беттешип, жеңилип калды. Ал эми Булекулов македониялык Юрий Мокануну жеңип, бирок сербиялык Александр Кукождон жеңилип калды.
100 килограммдан жогорку салмакта Кыргыз өлкөсүнөн Юрий Краковецкий жана Бекболот Токтогонов беттешти. 2 спортчу тең алгачкы беттеште жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеп калдышты.
Бул мелдешке дагы 3 спортчу Отар Бестаев, Артур Тё жана Алмаз Алтынбек уулу катышмак, бирок командада өзгөрүүлөр орун алып, бул мелдешке барбай калышкан.