Мушкерлер Азат Үсөналиев менен Абдурахман Абдурахманов бокс боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болду

Кечээ, 24-февралда Бишкек шаарында Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды.

42-ирет өтүп жаткан мелдешке Тажикстан, Орусия, Казакстан, Беларусь, Таиланд, Монголия, Өзбекстан жана Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары катышты. Анда 13 медалдар топтому үчүн 199 эркек жана кыз-келин мушкерлер күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында кыргыз спортчулары 9 медаль жеңип алышты. Анын ичинен 2 алтын, 2 күмүш жана 5 коло медаль болду. Алтын медалдарды Азат Үсөналиев менен Абдурахман Абдурахманов тагынды. Күмүш медалдарды Өмүрбек Бекжигит уулу менен Эркин Адылбек уулу жеңип алса, коло медалдардын ээлери Мирлан Түркбай уулу, Дмитрий Пучнин, Таалайбек Атайбек уулу, Сирожиддин Абдуллаев жана Алишер Чаткалбеков болду.

Эркектер арасындагы жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

  • 52 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • 1-орун: Азат Усеналиев (Кыргыз Республикасы)
    • 2-орун: Вадим Кудряков (Орусия)
    • 3-орун: Мирлан Түркбай уулу (Кыргыз Республикасы) жана Наттапонг Жанкаев (Таиланд)
  • 57 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • 1-орун: Альберт Батиргазиев (Орусия)
    • 2-орун: Ильяс Сулейменов (Казакстан)
    • 3-орун: Сирожиддин Абдуллаев (Кыргыз Республикасы) жана Абдумалик Халаков (Өзбекстан)
  • 63 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • 1-орун: Баходир Усменов (Тажикстан)
    • 2-орун: Дмитрий Асанов (Беларусь)
    • 3-орун: Масук Вуттичай (Таиланд) жана Григорий Лизувенко (Орусия)
  • 69 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • 1-орун: Абдурахман Абдурахманов (Кыргыз Республикасы)
    • 2-орун: Харитон Агрба (Орусия)
    • 3-орун: Арди Сайлон (Таиланд) жана Дмитрий Пучнин (Кыргыз Республикасы)
  • 75 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • 1-орун: Аман Казангапов (Казакстан)
    • 2-орун: Өмүрбек Бекжигит уулу (Кыргыз Республикасы)
    • 3-орун: Глеб Бакши (Орусия) жана Таалайбек Атайбек уулу (Кыргыз Республикасы)
  • 81 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • 1-орун: Георгий Кушатишвили (Орусия)
    • 2-орун: Эркин Адылбек уулу (Кыргыз Республикасы)
    • 3-орун: Алишер Чаткалбеков (Кыргыз Республикасы) жана Акмалбек Касимов (Өзбекстан)
  • 91 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • 1-орун: Муслим Гажимагомедов (Орусия)
    • 2-орун: Ярослав Дороничев (Орусия)
    • 3-орун: Владик Смагликов (Беларусь) жана Максат Марат (Казакстан)
  • 91 килограммдан жогорку салмак ченинде:
    • 1-орун: Иван Верясов (Орусия)
    • 2-орун: Нуржан Бекзатов (Казакстан)
    • 3-орун: Абдула Худорганов (Өзбекстан) жана Суйвуш Зухурв (Тажикстан)

Кыз-келиндер арасындагы жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

  • 49 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • 1-орун: Раксат Чутхамат (Таиланд)
    • 2-орун: Назим Кизайбай (Казакстан)
    • 3-орун: Яргалан Очирбат (Монголия) жана Араилим Майясар (Казакстан)
  • 57 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • 1-орун: Течасуер Нилаван (Таиланд)
    • 2-орун: Рано Пархатова (Казакстан)
    • 3. Лаопим Пиамвилиали (Таиланд) жана Жансая Аширбекова (Казакстан)
  • 64 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • 1-орун: Шоира Зулайкарова (Тажикстан)
    • 2-орун: Сисонди Судапорн (Таиланд)
    • 3-орун: Аида Абдраимова (Казакстан) жана Аида Абыкеева (Казакстан)
  • 69 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • 1-орун: Шахноза Юнусова (Өзбекстан)
    • 2-орун: Идимох Холова (Тажикстан)
    • 3-орун: Амина Аманкул (Казакстан)
  • 75 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • 1-орун: Магмаряргал Мунхбат (Монголия)
    • 2-орун: Мавлюда Мавлонова (Өзбекстан)
    • 3-орун: Алина Вебер (Беларусь)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан