Ошто жол кырсыгынан 1 адам каза тапты

24-июлда саат 13:00 чамасында Ош-Ноокат унаа жолунун 5-чакырымында жол кырсыгы болуп, 1 адам каза болду. ӨКМ билдиргендей, Жигули - Opel унаалары кагылышкан кырсыктын кесепетинен Жигулинин айдоочусу окуя болгон жерден каза болгон. Куткаруучулар маркумдун денесин укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Каза болгон айдоочу 1940-жылы туулган Ноокат районунун Чеч-Дөбө айылынын Камал Мамасадыков аттуу тургуну экендиги аныкталды. Экинчи унаанын айдоочусу, Кара-Суу районунун Ак-Таш айылынын тургуну, 1988-жылы туулган Уланбек Жусуев эч кандай жараат алган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
mayoral
2013-07-24 18:04:37
Жаткан жери жайлуу болсун.
0
i-nurbek
2013-07-24 18:32:27
Арты кайырлуу болсун.
0
temirlan85
2013-07-24 19:15:26
Камал ава жайыныз жаннаттан болсун, тааныйт элек сизди
0
mikinookat
2013-07-25 12:39:59
тиги 1988 жан алып, жан берип айдаса керек ,,,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан