Мушкер Дастан Шаршеев орусиялык мушкерди нокаутка учуратып, кикбокстун WBKF версиясы боюнча Дүйнө чемпиону аталды

25-февралда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт сарайында "K1 Max Pro" эл аралык турнири орун алды. Анын алкагында кыргыз мушкери Дастан Шаршеев орусиялык мушкер Алексей Додонов менен бет келди.

Шаршеев беттештин 2-раундуна жеткенде атаандашына сокку узатып, нокаутка кетирди. Жыйынтыгында кыргыз мушкери кикбокстун WBKF версиясы боюнча Дүйнө чемпиону аталды.

Аталган турнирдин алкагында дагы эки кыргыз мушкери жеңишти колдон чыгарган жок. Тактап айтканда, Шахриза Халилова да өзбекстандык мушкер Мухае Эркинова менен кез келип, аны 3-раундда утуп алса, Рустам Ибрагимов да казакстандык Жандос Назарбековду утуп, "Grand Prix Top-4" наамына ээ болду.

Кыргыз мушкери Дастан Шаршеев орусиялык атаандашын нокаутка кетирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
pixduel1
2019-02-26 01:32:25
Азамат! Ушундай жанылыктар коп болсун! Ийгиликтер дагы да алдыда!
+4
Ruslan-bel-oruk
2019-02-26 08:59:53
Красавчик
0
novorocheniy
2019-02-26 11:09:48
Азаматсын! Ийгилик!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан