Чүй районунун аймактык ооруканасына бөйрөгүнө бычак жеген 42 жаштагы Юрий Г. аттуу жаран келип түшкөн. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Чүй районунун Винсовхоз айылынын тургуну Юрий С. 23-июль күнү, саат 00:00 чамасында аялы менен мейманда болгон. Конокто арак ичип отурган жеринен түгөйлөрдүн ортосунда уруш чыгып, 51 жаштагы Наталья Б. күйөөсүнүн бөйрөгүнө бычак сайган. Аталган факты боюнча учурда кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.