Чүй ОИИББи: "Кара-Балтада 24 жаштагы кулагы укпаган таксистти бир нече киши сабап кетишти"

Жайыл районунда 24 жаштагы кулагы укпаган таксистти бир нече адам сабап кетишти. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, чара көрүүнү суранып 18-февралда түнкү саат 3:30да милиция бөлүмүнө таксисттин эжеси арыз менен кайрылган.

"Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Мындан сырткары 19 жаштагы А.Э. аттуу жаран анын телефонун тартып алып, ашкана бычагы менен коркутканын белгилеп кайра таксисттин үстүнөн арыз жазган.

Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, жүргүнчү менен таксисттин ортосундагы келишпестик жол киренин баасынан улам чыккан. Чыр жүргүнчүнүн тааныштары келгенден кийин күчөп кеткен.

Азырынча таксинин айдоочусунун кулагы укпагандыктан суракка алына элек. Ал сурдокотормочу келгенде суралат", - деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан