Испаниялык "Реал Мадрид" футболдук клубунун чабуулчусу Карим Бензема чет элдик басылмаларга Криштиану Роналду командадан кеткенден кийинки өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.
Бензема маегинде анын оюну Роналдунун айынан көмүскөдө калып жүргөнүн айткан.
"Мурда "Реалда" жыл сайын 50-60 гол жаратып жүргөн Роналду бар болчу. Мен ал үчүн гана ойночумун. Талаанын кайсы бурчунда болбоюн мен гол жаратууга көмөк болуу үчүн Криштиануну издечүмүн. Азыр абал башка. Команданын чабуул тарабы менден гана көз каранды. Өзүм каалаган чыныгы оюнду көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө кубанычтамын", - деп билдирген Бензема.
Криштиану Роналду өткөн жылдын жай айларында 112 миллион еврого "Ювентус" клубуна өткөн. Буга чейин ал "Спортинг", "Манчестер Юнайтед" жана "Реал Мадрид" клубдарынын курамында ойноп келген.
Карим Бензема 2009-жылдан бери мадриддик клубдун катарында ойноп келет.