Футбол боюнча өлкө чемпиондугу "Кыргыз Премьер-Лигасы" болуп өзгөрөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз футболдук лигасынын аткаруучу директору Михаил Толкачев кабарлады.
Анын айтымында, мындай өзгөрүү өлкөдөгү клубдар арасындагы футболдун өнүгүшүнө негиз болот.
"Кыргыз футболунун өнүгүшү үчүн бир гана курама команданын алдыга жылышы жетишсиз. Клубдар аралык футболду алдыга жылдыруу үчүн да белгилүү кадамдар жасалышы шарт. Күчтүү курама командага айланыш үчүн өлкөнүн ички чемпиондугу да күчтүү болушу керек. Премьер-Лига - бул жаңы деңгээл. Чемпиондуктун аты гана өзгөрүп тим болбой, заты да өзгөрөт. Командаларга коюлган талаптар күчөп, стадиондор жакшырат.
Алдыдагы сезонго мурдагыдай эле 8 клуб катышканы менен, өткөн жылга караганда күчтүү, жаңыланган командалар болот", - деди Толкачев.
Футбол боюнча өлкө чемпиондугу 2012-жылдан бери Топ-Лига аталып келет. Чемпиондуктун алдыдагы сезону ушул жылдын март айында старт алат. Өткөн сезондо бишкектик "Дордой" клубу 68 упай менен өлкө чемпиондугун жеңип алган.