Анжеликанын мырзаларга арналган "Жоокерге" аттуу ырына тартылган клип уурдалганы айтылды

Ырчы Анжелика 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата 22-февраль күнү "Жоокерге" аттуу ырын клиби менен чыгарды. Ыр кыргыз коомчулугуна тараган соң, клиптин көпчүлүк бөлүгү Аскер окуу жайына таандык клиптен уурдалганы айтылды. Генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскер институтунун кызматкери, клипке продюсерлик кылган Жумагүл Жолматова клип тууралуу SUPER.KG'ге буларды айтты:

"Бул 2017-жылы Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун 2017-2018-жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн атынан окуу жайдын 77 жылдыгына карата тартылган клип болчу. Аны тартуу үчүн канчалаган эмгектер короду: ар бир басуу, куралдарды, аскердик техникаларды колдонуу, окуу жайдын ичин тартуу иштерине даярдоо, аскерлер менен ар бир маршты иштеп чыгуу, мунун баары жетекчиликтин атайын бекиткен уруксаты менен гана тартылган болчу. Эч ким бизге демөөрчүлүк кылган эмес. Атайын актёрлорду жалдоого каражат каралбагандыктан тааныш-билиштерди, өзүбүздүн иштеген кызматкерлерди тартканбыз. Аягында шарларды көтөрүп чуркап, асманга учурган кичинекей кыз - менин кызым. Анжелика клибинде ошол бөлүктөн бери колдонуптур. Мен кызымды башка клипке кошулуусуна уруксат бербейт болчумун. Ырчылар интернеттен көрүнгөн видеону көчүрүп алып эле клиптерине колдоно берсе боло береби?

Анжеликанын клибин тарткан клипмейкер ырды аткарган ырчыга чалып, кадр колдоно берүү боюнча уруксат сураган экен. Бул суранычка клипке кирбеген, колдонулбай калган кадрдан 2 учурду гана алып колдонууга уруксат берилген. Ал болсо алыптыр дагы клиптин баарын кескилеп туруп баш-аягын бириктирип коюптур.

Клиптин баш-аягы жок, көрүнгөн жерин кескилеп, туш келди колдонушкан. Анжеликага байланышууга аракет кылсак, телефонду менеджери болом деген кыз алып жооп берип, биздин пикирди Анжеликага айтып коём деген боюнча эч нерсе дешкен жок. Биз Анжелика менен талашып, тартышалы деген деле оюбуз жок, убактыбыз да жок. Биздин талап - клипти интернеттен жана башка каналдардан алдырсын. Болгону эмгекти жеп, бирөөнүн жасаган ишинин арты менен нан табуу сыйлабастык", - дейт Жолматова.

Анжелика "Жоокерге"

Бул пикирдин негизинде ырчы Анжеликага байланыштык. Ырчынын менеджери клип боюнча төмөнкүлөргө токтолду:

"Анжелика ал клипте ырчы катары гана ырдап койгон. Өзүнүн ыры, кийим-кечеси менен ырдап гана тартылып берүүгө макулдашкан. Ал эми клипти клипмейкер Баяман Осмонов тартып бүтүргөн. Анжелика бүткөн ишти гана алып репертуарына кошту. Ал эми клипмейкер кадрларды кайдан алып колдонду, кантип соңуна чыгарды өзү жооп берсин", - деди.

Мындан соң клипмейкер Баяман Осмоновго байланышып, окуянын чоо-жайын билүүгө аракет кылдык. Бирок клипмейкер тартуу иштери менен башка жакта экендиги маалым болуп, байланыш түзө алган жокпуз. Ал эми сөз болуп жаткан аскердик институтка таандык эмгекке клипмейкер Эрнис Сыдыков режиссёрлук кылган. Ага байланышканыбызда өз оюн төмөнкүчө билдирди:

"Ооба, эсимде ал клипти мен тарткам. Клип буюртма берген окуу жайга таандык. Жакын арада мага Баяман Осмонов чалып сиз тарткан клиптен 2-3 кадр колдонсом болобу деп сураган. Мен аскердик окуу жайдын жетекчилигине байланышып, сурап ал, буюртма берүүчү ошолор дегем. Кийин Баяман ырдын аткаруучусу Таттыгүл Токторовага чалса, айтымында айрым жерлерин колдоно бер деген экен. Ошентип клиптен кадрларды алганын айтты. Бирок клиптеги кадрлардын көпчүлүгү колдонулган экен", - дейт Сыдыков.

Баяман Осмоновдун бул тууралуу пикирин угууга даярбыз. Ал эми клипте кандай окшоштуктар бар экенин төмөндө өзүңүздөр салыштырсаңыздар болот.

Таттыгүл Токторова "Чептен эрдин күчү бек"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
izdeim_seni
2019-02-26 19:54:51
Анжела апчем "кара дубасын" бүтүрүп, "уурулук" планына өткөн бейм. Кара пиар жагынан алдына ат чалдырбайт го чиркин)
+14
meni_kut
2019-02-26 20:15:48
Биринчи айым жакшы ырдаптыр уну тунук.Анжелика бироонун короосуна кирип ,тоогун сурабай которуп кеткендей эле иш кылыптыр
+7
Pchelka85
2019-02-26 20:50:59
Анжеликанын башка адамга шылтап койгону, озунун чыгармачылыгына и ошол клиптир тартуулаган "ЭЛИНЕ" пофиг отношениеси... ии буларга боло берет дегендик да. Бул клипти эч ким каяктагы бир клипмейкердики деп кабыл албайт а именно Анжеликанын клиби деп кабыл алат.Эгер куйормандарын сыйласа ар бир чыгарган ырын, клибин дыкаттык менен текшерип анан элге тартуулайт. Эртен Музыкасын уурлап алды деп Шаинскийдин наследниктери чыкса шермендеси чыгат го...
+7
madina.87
2019-02-26 21:26:45
Анжела такыр эле ырдабай эле койбоптүр,бир да үнү жок!!!Сүйлөп жатканын же ырдап жатканын ажырата албайсың,үн жок!!!Бир да тынып тынчыбаган кыз экен
+3
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-02-26 21:30:40
Анжелика тамак жасап жатып эле ырдап койгондой го.
+5
Mavlyuda
2019-02-27 10:07:54
Baktyluu_bolgum_kelet, Форма кийип ырдаса болмок ээ
+1
adiaza
2019-02-26 21:40:01
Дагы Анжелика суудан кургак чыгып кетти, уят деген вообще жок экен го
+6
voennyi88
2019-02-27 01:00:40
У солдата выходной деген ыр бул.
+3
Mamiev
2019-02-27 01:29:11
Клип тартпай эле Анжеликанын оозун кывыратып ырдатып калганын ар сюжеттен кесип кошуп койгон го. Мээнетине куйсон боло башка бирөөлөрдүн клибин уурдабай. Ырдай албайсың болбой эле чыга бересиң кайран акча кайран мээнет. Бөлөк эле иш жасачы
+3
Mavlyuda
2019-02-27 10:07:18
Анжелика ырдаган ыр сонун ыр негизи, бирок анын үнү жетпейт экен. Бул ырды Гулнара Кахарова же Гулнур Сатылганова ырдаса мощный чыкмак. Орусча варианты сонун го
+1
Dembele84
2019-02-27 11:06:04
Ушу Анжелика жонундо жанылыкты окубай жатып нерв боло берем...
+1
Skarlett-Skarlett
2019-02-27 11:34:24
Уну жок,мен кайра жакшы ырдайм
+2
Aijanar17
2019-02-27 15:40:18
декламация айтып жаткандай эле ырдайт экен го Анжелика
+1
meni_kut
2019-02-27 16:58:57
Мен деле ойлопмун озу тарткан го,клипте жай мезгили бар экен,бир жыл тартып эми элге чыгарган турбайбы деп.Тообо ушул кыз элди нараазы кылып эле басып журот...
0
deva
2019-02-27 18:07:58
Таттыгулдун ырдаганы журокко жетет экен, сонун. Анжелика аяй койногун кийип ырдап койгону эле болбосо, аткаруучу начар
+1
senchi
2019-02-27 18:21:16
Чык эшике даярданып кел
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан