ЖЫЛНААМА, 27-ФЕВРАЛЬ: "Ак шумкардын" секс-символу Виталий Люкс 30 жашка чыкты

Кыргыз курамасынын футболчусу, "Даңк" медалынын ээси, учурдагы Кыргыз курамасынын жана Германиянын регионалдык лигасындагы “Ульм 1846” командасынын чабуулчусу Виталий Люкс бүгүн, 27-февралда 30 жашка чыкты.

Виталий Валентинович Люкс 1989-жылы 27-февралда Чүй облусунун Кара-Балта шаарында туулган. Үй-бүлөсү Люкс 6 жашында Германияга көчүп кетишкен. Футболчунун "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде ал Кыргыз өлкөсүндө өткөн балалык кезиндеги элестер аз экенин, болгону кыргыз балдар менен Кара-Балтанын көчөлөрүндө топ тээп ойногон күндөрү эсте калганын эскерет.

Кыргыз курамасы үчүн футболчу 2015-жылдын 11-июнунда дебют жасаган. Анда ал Бангладеш курамасына каршы ойногон. Люксту Кыргыз өлкөсү жана Азия Кубогун көрүп отурган башка күйөрмандар дагы быйылкы жылдын 16-январында таанышты. Ал Азия Кубогунун тайпалык этабынын алкагында Кыргыз-Филиппин беттешинде хет-триктин автору болду. Бул оюн 3:1 эсеби менен Кыргыз өлкөсүнүн пайдасына аяктап, тайпанын плей-офф баскычына чыгуусуна мүмкүнчүлүк берген.

Виталий Люкстун бул оюнунан кийин анын күйөрмандары кескин өстү. Айрыкча кыздар футболчунун жылмаюусуна ашык болуп, "Ак шумкардын" секс-символу атап алышты.

Футболчунун "Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:

– Бала чагыңызда кайсы командага күйөрмандык кылып, кимди кумир тутчу элеңиз?

– 10 жашымдан баштап футбол менен машыга баштагам. Мюнхендик “Баварияга” күйөрман болчумун. Ал учурда кумирим жок болчу. Өспүрүм куракта Златан Ибрагимович менен Криштиану Роналдунун оюндарына баа берип, саресеп салып баштадым.

– Өлкөбүздө сиздин көптөгөн фанаттарыңыз пайда болду. Көпчүлүк кыздар сиздин жылмаюуңузга ашык. Өмүрлүк жарыңызды Кыргыз жеринен издеп көрүүнү ойлодуңуз беле?

– Тилекке каршы, Кыргыз жерине келгенимде оюн, машыгуулар менен жүрүп бош убактым дээрлик болбойт. Бирок болочоктогу түбөлүктүү түгөйүм кыргыз кызы болуп калышы мүмкүн деген вариантты жокко чыгарбайм. Анткени биздин кыздар абдан сулуу.

– Анда суроону улай эле, сизге кандай кыздар жагат?

– Келечектеги жубайым тууралуу так элестер жок. Бирок ал ак көңүл, мүнөзү жакшы, аны менен чогуу тамашалашып, бири-бирибизди түшүнө билгидей кыз болушу керек.

– Карьераңызды жыйынтыктагандан кийин өзүңүздүн келечегиңизди кандай элестетесиз?

– Үй-бүлөм менен, балдарым жана келинчегим менен чогуу жүргөнүмдү элестетем. Бакчада мангалдын жанында шишкебек бышырып жаткан бактылуу адам катары элестетем (күлүп).

27-февралга карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
myrzayym
2019-02-27 13:50:55
Эми ушул "секс-символ" деген сөз кыргыз жыттуу калктын менталитетинен алысыраак болсо дээр элем.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан