Бүгүн, 27-февралда Оштун "Алай" футболдук клубу АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Түркмөнстандын "Ахал" командасы менен беттешет.
Жооптук беттеш Түркмөнстандын борборунда жайгашкан "Ашхабад" стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча 19:00дө башталат. Беттештин башкы калысы Мохаммед Аль Хоиш (Сауд Арабиясы) болот.
Командалардын алгачкы беттеши 20-февралда Ош шаарында өтүп, талаа ээлери 1:2 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калган.
Буга чейин "Алай" жана "Ахал" клубдары расмий беттештердин алкагында 3 жолу беттешип, эсеп саны 3 жолу тең түркмөнстандык команданын пайдасына чечилген.