Кадамжай районунда бензинге ууланып бир адам каза тапты

24-июлда саат 22:10 чамасында Баткен облусундагы Кадамжай районунун Орозбеков айылында жайгашкан “Асман-Ойл” май куюучу жайдын жер төлөсүнөн бир айдоочу бензиндин жытына ууланып каза болду. ӨКМ билдиргендей, айдоочуну сыртка алып чыгам деп май куюучу жайдын кызматкерлери да жер төлөгө киришип бензиндин жытына ууланып эсин жоготушкан. Алардын экөөсүн куткаруучулар саат 22:30да, үчүнчүсүн 23:00дө алып чыгышып ооруканага жеткиришкен.

Каза болгон жаран:

Шабдан Азимбеков, 1957-жылы туулган. Ош облусунун Кара-Суу районунун Талдык айылынын тургуну

Жабыркагандар:

Акматали Исаков, 1966-жылы туулган. Ош облусунун Алай районунун тургуну

Эгемкул Акматалы уулу, 1992-жылы туулган. Ош облусунун Алай районунун тургуну 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан