Бүгүн, 25-июлда саат 01:40 чамасында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Камбар-Ата көчөсүндө жайгашкан №48 2 кабаттуу үйдөн өрт чыкты. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, өрттүн кесепетинен жыгачтан курулган 6 батирлүү үй күйүп, өрттөнгөн аянт 140 чарчы метрди түздү. Өрт өчүрүүчүлөр жалынды саат 06:45те толугу менен өчүрүштү. 6 адам, алардын ичинде 4 жаш бала куткарылганы айтылды.