Аламүдүн районунда 13 жер тилкеси боюнча мыйзамсыз токтом чыгарган айыл башчысы кармалды

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Аламүдүн районунда мыйзамсыз жер берген айыл башчысын кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн билдирди. Маалыматка ылайык, 2009-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл аймагынын башчысы К.К. Беш-Күнгөй айылында жер бөлүштүрүү комиссиясынын чечимисиз, өзүм билемдикке салып, 13 жер тилкесин берүү боюнча токтом чыгарган. Учурда бул факт боюнча “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган”, “КРнын жерлерди бөлүштүрүү мыйзамын бузган” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан