Түрк жаранына кол салуу боюнча 2 кыргызстандык айыпталууда

Бишкекте Түркиянын жаранына кол салуу фактысы боюнча кылмыштын бети ачылганын Бишкек шаардык ИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Ушул жылы 20-августта "Тез жардам" кызматы катуу сабалып, эсин жоготкон жаранды ооруканага жеткирген. Кийин жабырлануучу Түркиянын 1945-жылы туулган Эминчилик Эмин аттуу жараны экени аныкталып, ал 25-август күнү оор жаракаттардан улам эсине келбей көз жумган. Укук коргоо органдары Э.Эминдин 15000 сомун, телефонун жана документтерин белгисиз адамдар уурдап кетишкенин аныкташкан. Жыйынтыгында 21-ноябрь күнү бул кылмышка тиешеси бар деп Бишкек шаарынын тургуну, 1984-жылы туулган, буга чейин 2 жолу соттолгон Н.Жаныбек жана 1985-жылы туулган Ш.Максат кармалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.         
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан