Орусиянын Тергөө комитети "Москвада өткөн көк бөрүдө жаныбарларга орой мамиле жасалды" деген маалыматты текшерет. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
Белгилүү болгондой, аталган маалыматты текшерип, тиешелүү чара көрүү тапшырмасын Орусиянын Тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкин берген. Текшерүү иштеринин жыйынтыгы менен оюн өткөн ипподромдун жетекчилиги, уюштуруучулар жана катышуучулар жазаланышы мүмкүн.
Белгилей кетсек, 24-февралда Москва шаарында Кыргыз өлкөсүнүн 4 командасы катышкан көк бөрү оюну уюштурулган. 5 миң кишиге ылайыкталган ипподромго 10 миңдей ар түркүн улуттун өкүлдөрүнөн көрүүчүлөр келип, оюнду көрүшкөн.
Оюндан кийин интернетке аттардын оозу канаган сүрөттөрү тарап, жергиликтүү жаныбарларды коргоо уюмдары, социалдык тармактардагы колдонуучулар жаныбарларга болгон аёосуз мамилени сынга алып, мындай нерсеге жол бергендерге чара көрүлүүсүн талап кылышкан.
Өткөн жылдын аягында Орусиянын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, балдардын көзүнчө, топтошкон элдин алдында же түз эфир учурунда жаныбарларга аёосуз мамиле кылган адамдардын жаза мөөнөтү 5 жылга чейин узартылган.