"Манчестер Юнайтед" клубу алгачкы жолу 8 ирет катары менен конокто жеңишке жетишти

Футбол боюнча Англия чемпиондугунун 28-турунда "Манчестер Юнайтед" клубу менен "Кристал Пэлас" клубу беттешип, 3:1 эсебинде манчестерликтер жеңишке жетишти.

Беттеш "Кристал Пэлас" клубунун "Селхерст Парк" стадионунда өтүп, талаа ээлеринин коргоочусу Жоэл Уорддун голуна коноктор 3 гол менен жооп беришти. "Кызыл шайтандардын" катарында Ромелу Лукаку 2 жолу жана Эшли Янг 1 жолу айырмаланды.

Бул оюндун жыйынтыгы менен "Манчестер Юнайтед" 8 жолу катары менен конокто жеңишке жетишти. Клубдун расмий интернет баракчасында жазылгандай, мындай учур "Юнайтеддин" тарыхында алгачкы жолу болуп жатат.

"Юнайтед" Англия Премьер-Лигасынын алкагында 28 оюндун жыйынтыгы менен 55 упай топтоп, 5-орунда келе жатат. Алдыңкы үчтүктө 69, 68 жана 60 упайы менен "Ливерпуль", "Манчестер Сити" жана "Тоттенхэм" клубдары келе жатат. 56 упай топтогон "Арсенал" клубу 4-сапта жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан