25-27-февралда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча 18ден 20 жашка чейинки балбандар арасында өлкө чемпиондугу болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, 10 салмак категориядагы чемпиондук наам үчүн 186 балбан күрөшкөн.
"Мелдешке катышкан балбандардын жалпы саны 186 спортчуну түздү. Катышуучулар 10 салмак категорияда күрөшүп, 1-2-3-орунду ээлеген балбандар спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын тиешелүү деңгээлдеги дипломдору жана медалдары менен сыйланышты", - деп жазылат маалыматта.
Байгелүү орундарга ээ болгон балбандардын тизмеси:
57 килограммга чейинки салмак ченинде:
Тайырбек Жумашбек уулу - 1-орун;
Нурдөөлөт Шайлообек уулу - 2-орун;
Талгат Тынчтыкбеков - 3-орун;
Бекзат Алмаз уулу - 3-орун.
61 килограммга чейинки салмак ченинде:
Икром Хажимурадов - 1-орун;
Тынчтык Абасбеков - 2-орун;
Сыймык Райымбек уулу - 3-орун;
Саламат Шаршеев - 3-орун.
65 килограммга чейинки салмак ченинде:
Адилет Жапаркулов - 1-орун;
Орозобек Токтомамбетов - 2-орун;
Кадыржан Кыргызбаев - 3-орун;
Эрлан Таалайбек уулу - 3-орун.
70 килограммга чейинки салмак ченинде:
Атай Мамалиев - 1-орун;
Алинур Такиров - 2-орун;
Куштарбек Абдыманап уулу - 3-орун;
Станбул Жаныбек уулу - 3-орун.
74 килограммга чейинки салмак ченинде:
Нуртилек Карыпбаев - 1-орун;
Байнас Мамасали уулу - 2-орун;
Бексултан Маданбеков - 3-орун;
Саламат Абакиров - 3-орун.
79 килограммга чейинки салмак ченинде:
Кубат Азизбаев - 1-орун;
Саматбек Станбек уулу - 2-орун;
Ильгиз Каныбек уулу - 3-орун;
Эрлан Бектеналиев - 3-орун.
86 килограммга чейинки салмак ченинде:
Байсал Кубатов - 1-орун;
Азизхан Юнусов - 2-орун;
Үсөн Болот уулу - 3-орун;
Темирлан Болот уулу - 3-орун.
92 килограммга чейинки салмак ченинде:
Сымбат Сулайманов - 1-орун;
Баяман Мыктыбеков - 2-орун;
Тельман Алиев - 3-орун;
Асан Адылбек уулу - 3-орун.
97 килограммга чейинки салмак ченинде:
Арсланбек Турдубеков - 1-орун;
Дөөлөтбек Жамгырбек уулу - 2-орун;
Алисалам Эркин уулу - 3-орун.
125 килограммга чейинки салмак ченинде:
Камиль Джумаза - 1-орун;
Автандил Болотбек уулу - 2-орун;
Аян Алымов - 3-орун.