Орусияда өтүп жаткан бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугунун 1/16 финалында Канат Сыдыков жеңишке жетти

Бүгүн, 28-февралда Орусияда өтүп жаткан бильярд боюнча Дүйнө биринчилигинин 1/16 финалынын алкагында кыргыз бильярдчысы Канат Сыдыков атаандашы орусиялык Леонид Швыряев менен беттешти.

Беттеш жалпы 9 партиядан туруп, атаандаштар 6 жеңишке чейин оюн алып барышты. Алгачкы 2 партия Сыдыковдун пайдасына чечилип, 3-партияда атаандашы эсеп санын кыскарта алды. Калган 6 партиянын төртөөсүндө Швыряев жеңилүү ызасын тартып, Сыдыков мелдештин кийинки беттешине жолдомо алды.

1/8 финалда Канат Сыдыков орусиялык Никита Ливада менен беттешет.

Аталган мелдеш 25-февралдан 3-мартка чейин Орусиянын Ханты-Мансийск шаарында өтөт. Ага катышуу үчүн Орусия, Беларусь, Украина, Казакстан, Азербайжан, Молдова, Монголия, Финляндия, Армения, Грузия, Литва, Латвия, Эстония, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттерден 84 спортчу келген.

Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнөн 11 спортчу катышып, алардын алтоосу 1/16 финалга чейин жетип келишкен. Буга чейин Дастан Лепшаков менен Азиз Мадаминов жарым чейрек финалга аттанса, алдыда Каныбек Сагынбаев, Ызат Ратбеков жана Арсен Каленбаев атаандаштары менен беттеш өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан