Бишкекте кыз-келиндер жана жаштар арасында грек-рим, эркин күрөшү боюнча мелдештер өтөт

Бишкекте 1-3-март күндөрү кыз-келиндер жана жаштар арасында грек-рим, эркин күрөшү боюнча мелдештер өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мелдешке 2001, 1999 жана 2002-жылы туулган Бишкек шаарынын тургундары катыша алат. Грек-рим, эркин күрөшү боюнча мелдештерге катышуу үчүн ата-энесинен уруксат кагазы жана ден соолугу тууралуу медициналык маалым каты болушу керек.

"Мелдеш спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу жана Бишкек шаардык курама команданы түзүү максатында өткөрүлөт. Иш-чараны Бишкек шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы уюштуруп жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан