Бүгүн, 28-февралда Ош шаарынын мэриясында шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы 3 айлыкты өткөрүү боюнча штабдын жыйыны болду.
Анда Ош шаарынын аймагында жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жазгы үч айлык жарыяланып, аны өткөрүү боюнча пландар талкууланды.
Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын жетекчиси Айгүл Наватова шаарда бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу, гүл бакчаларды жана газондорду өстүрүү, ошондой эле шаардын аймагындагы арыктарды тазалоо иштери башталганын билдирди.
“Өзүңүздөргө маалым болгондой, 2018-жылы Ош шаарынын аймагына 1 600 000 гүл эгилген болсо, быйылкы жылы 2 миллион гүл эгилет. Ошондой эле 3 миң түп жазы жана ийне жалбырактуу көчөттөр, 37 миң бадам көчөтү отургузулат. Ар бир мекеме-ишкана, соода-сатык түйүндөр, көп кабаттуу жана жеке менчик үйлөр биздин комбинат тарабынан отургузулган гүлдөрдү гана карап отура бербестен, өздөрүнүн короолоруна гүл эгүүнү сунуштайм”, - деди Наватова.
Белгилүү болгондой, 3 айлыктын негизинде Ак-Буура дарыясынын жээктерин тазалоо боюнча атайын иш-чаралардын планы бекитилет.
"Шаарыбызда жалпысынан 400дөн ашуун ар кандай деңгээлдеги көчөлөрүбүз бар. Алардын бардыгынын тазалыгын камсыз кылуу ар бирибиздин милдетибиз. Үч айлыктын жыйынтыгы чыгарылып, мекемелер, уюмдар, ишканалар, муниципалдык аймактык башкармалыктар, кварталдык комитеттер, көп кабаттуу жана жеке үйлөр арасында эң мыкты жыйынтык көрсөткөндөргө атайын сыйлыктар тапшырылат”, - деди Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев.