Бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугу. Дастан Лепшаков жана Канат Сыдыков мелдештин жарым финалына чыкты

Орусияда өтүп жаткан бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалдык оюндары жыйынтыкталып, жарым финалга чыккан атаандаштар белгилүү болду. Чейрек финалга кыргыз бильярдчылары Дастан Лепшаков, Канат Сыдыков жана 4 орусиялык, 1 өзбекстандык, 1 молдовалык спортчу жолдомо алган.

Дастан Лепшаков жарым финалга чыгуу үчүн өзбекстандык Шахзод Мамировду 6:5 эсебинде жеңип алды. Эми ал финалга чыгуу укугун молдовалык Сергей Крыжановскийден талашат.

Ал эми Канат Сыдыков орусиялык спортчу Семён Зайцевди 6:5 эсеби менен утуп алды. Жарым финалда Сыдыков орусиялык Иосиф Абрамов менен беттешет.

Аталган мелдеш 25-февралдан 3-мартка чейин Орусиянын Ханты-Мансийск шаарында өтөт. Ага катышуу үчүн Орусия, Беларусь, Украина, Казакстан, Азербайжан, Молдова, Монголия, Финляндия, Армения, Грузия, Литва, Латвия, Эстония, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттерден 84 спортчу келген.

Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнөн 11 спортчу катышып, алардын алтоосу 1/16 финалга чейин жеткен.

Каныбек Сагынбаев менен Ызат Ратбеков 1/16 финалда атаандаштарына уттуруп жиберсе, Арсен Каленбаев менен Азиз Мадаминов жарым чейрек финалда жеңилүү ызасын тартып калышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Romantik.
2019-03-01 18:27:20
Охоо, азаматсыңар. Экөөңөр тең финалга чыгууңарга тилектешпиз
+1
Karasuu27
2019-03-01 21:39:53
Женилди Лепшаков женилди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан