Кыргыздын таланттуу актёр жигиттеринен куралган "Дем" театрынын аялзатынын майрамына карата өткөргөн концерти SUPER.KG порталынын КИНОЗАЛ бөлүмүндө.
Боорду эзген концерттен актёрлордун аткаруусундагы "Тажаалдар таймашы", "Кунг-фу мектеби", "Жаныбарлар дүйнөсү" жана МАИ кызматкеринин бир күндүк жашоосун чагылдырган тамашаларын көрө аласыздар.
Концерттин жүрүшүндө "демчилерди" колдоп келген өнөр ээлери Тотомидин Жолдошев, "Музаман" тобу жана башка бир катар жаш ырчылар ыр белектерин тартуулаганын көрүүгө болот. Концерт болгон күнү орундуктар калбай, туруп көргөн күйөрмандар болгон. Сиз концертти көрүү үчүн шилтемени бассаңыз болот.