ЭЛДИК КАБАР: "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жолдошум Ошто насыяга алынган унаа менен такси кызматында иштейт. Унааңар бар деп үч балабызга жөлөк пул бербей жатышат"

Ош шаарынын тургуну SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө байланышып, кыйналып жашап жаткандарына карабай үч баласы үчүн жөлөк пул ала албай жатканын айтты.

"8, 5, 3 жаштагы үч балам бар. Жолдошумдун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Жүрөгү ооруп, экинчи топтогу майыптыгы бар. Насыя алып унаа алган элек. Ошону азыр төлөп жатабыз. Жолдошум такси кызматында иштейт. Өзүм иштебейм. Унаабыз бар болгону үчүн балдарыма жөлөк пул берилбей турганын айтып жатышат", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
almanbetperm
2019-03-02 18:16:12
Холодильнигин телевизорун болсо бербейт, машинанар бар деп тем более
+2
Janyjol.86
2019-03-02 19:53:14
Туура силерге окшогондорго бербеш керек. машина алганга насыя алганча турмушту ондощ учун аракет кылыш керек окмотко док урунбай
-7
angels
2019-03-03 09:57:59
Janyjol.86, Жардам керек деген аялга сен окмотко элге док урунгуча балдарын учун куну туну иштебейсинби деп комментарий жаздын эле. Окмотто иштейт окшойсун эээээ. Окмот налог салганга жараша элди дагы карасын да.
+3
angels
2019-03-03 09:59:29
Janyjol.86, 3 баласын жалгыз чонойтуп кызы дагы ооруп калды деген аялга жазган комментарийинди дагы бир жолу окуп келсен точно кедей адам эмессин. Кедейлер кедейди жемелебейт го
+2
Take_men
2019-03-03 11:29:43
10-30 миң доллардык машинасы болсо түшүнсө болот. 30 сомдук жигулиси барга да бербейт экен. Кандай болду бул жагы...
+1
ulan7676
2019-03-03 12:39:57
Кыргызстанда карапайым элдин машинасынын 80%ти чет олконун утилге кетчуу машиналары.бул машиналардын беш алтоону сатсан шаардан жакшы бир участок келбейт. Анан машинасы бар экен деп пособие бербейт. Азыр квартирада жашаган адам эптеп элик алтымыш мин сомго машинаны карызга алып такси кылып кутулуп атат. Ашып аткан адам болсо бир айлап документке чуркап эмне кылат эки мин сом учун.Жетишпей арга жок аракет кылат. Алты ай сайын жашоону текшеришет экен сосфонду.
+2
Kroxa
2019-03-03 23:08:57
Ухх биздин акмак Окмотубуз тажатты уяттары жоок..майыптын да канын соруп жатышат...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан