ЭЛДИК КАБАР: Ошто жөө жүрүүчүлөр көп болгон көчөдө коопсуздук эрежелерин сактабай кран иштетип жатышат

Ошто жөө адамдар көп болгон көчөдө коопсуздук эрежелерин сактабай кран иштетип жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө байланышкан окурман билдирди.

"Ош шаарындагы Масалиев кең көчөсүндө көп кабаттуу имараттын жанында кран иштетип жатышат. Коопсуздук эрежелери сакталган эмес. Ачык эле аянтта темир каркастарды орнотушууда. Жөө адамдар ошол эле жердин алды-артынан өтүшүүдө. Жамандык болбосун, бирок кокустан кырсык болуп кетсе ким жооп берет? Ушундай нерселерди Экотехинспекция эмнеге көзөмөлгө албайт?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aiur
2019-03-02 16:55:09
Коркунучтуу,ал жер эл эн коп жургон жайго.
+4
don_quixote
2019-03-02 18:26:45
Ошол уй бутпой эле койду да... 2013-жылы башталган эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан