Саясатчы Камчыбек Ташиевдин уулу Эмирхан Кыдыршаев Италиянын Паоло Росси футболдук академиясына өттү. Бул тууралуу саясатчы социалдык тармактардагы баракчасына жазып чыкты.
"Италиянын Паоло Росси футболдук академиясындагы алгачкы машыгуу. Уулум аталган академияга кабыл алынган Орто Азиядагы алгачкы оюнчу болду. Аны менен сыймыктанам", - деп жазган Ташиев.
Аталган маалыматты SUPER.KG`ге Ташиевдин улуу баласы Таймурас Ташиев да тастыктады.
"Иним менен атам азыркы учурда Италияда жүрүшөт. Атам бизге инимдин академияга кабыл алынганын жана келишим түзүлгөнүн айтты. Келишимдин мөөнөтү кандай экени азырынча белгисиз.
Эмирхан 14 жашта. Ал буга чейин Бишкектеги "Дордой" клубунун жаштар курамында жана Оштогу FIFA`нын академиясында ойноп келген", - деди Таймурас Ташиев.
18 жашка чейинки футболчуларды тарбиялаган Паоло Росси академиясы Европадагы алдыңкы спорттук окуу жайлардын бири болуп эсептелет. Академияны Италия курама командасынын мурдагы чабуулчусу, "Алтын топ" сыйлыгынын ээси Паоло Росси негиздеген.