Болгарияда грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште Мурат Рамонов алтын медаль утту

Кыргыз спортчусу Мурат Рамонов Болгарияда өтүп жаткан эл аралык мелдеште грек-рим күрөшү боюнча алтын медаль утуп алды.

"Дан Петров – Никола Петров" мелдеши 28-февралда башталган. 1-мартта 87, 97 жана 130 килограммга чейин салмак ченинде грек-рим күрөшү боюнча мелдештер орун алды. Кыргыздын атынан беш спортчу катышты. Кыргыз спортчусу Мурат Романов 1/8 финалда орусиялык спортчуну жеңип алды. Чейрек финалда болсо башка кыргыз спортчусу Роман Кимди утту. Жарым финалда түркиялык спортчуну 9:0 эсебинде жеңип алды.

2-мартта финалда египеттик Мохамед Абделлатив Ахмед менен күч сынашты. Аны да 9:0 эсебинде утуп, жеңүүчү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tular
2019-03-03 08:48:22
Молодец
+3
erjigit-e.15
2019-03-04 16:02:28
Азамат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан