Айсулуу Тыныбекова Болгариядагы эл аралык мелдеште коло медаль тагынды

Спортчу Айсулуу Тыныбекова Болгарияда өтүп жаткан күрөш боюнча эл аралык мелдеште коло медаль утуп алды.

1-мартта 1/8 финалдык беттештер 62 килограмм салмак чениндеги спортчулар арасында болду. Анда Айсулуу Тыныбекова италиялык спортчу Аврора Кампанью менен күч сынашып, аны 11:0 эсебинде жеңди.

Чейрек финалда швециялык спортчуну 8:1 эсебинде утуп алды.

Украинанын спортчусу Юлия Ткач Остапчук менен болгон күрөштө Тыныбекова 10:11 эсебинде утулуп, финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калды.

Коло медаль үчүн күрөштө ал швециялык Малин Ойханна Маттссон менен кез келди. Аны 4:1 эсебинде утуп, коло медалга ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ice87
2019-03-03 17:53:27
Азаматсын!
+1
Taalaibek.
2019-03-03 18:35:39
Азаматсын Айсулуу! Дагы "Алдыга"! Видеосун кайсыл жактан корсок болот?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан