Болгарияда "Дан Колов - Никола Петров" күрөш боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат. Анда кыргыз спортчусу Үзүр Жусупбеков коло медаль утуп алды.
1-мартта Жусупбеков 1/8 финалда орусиялык Никита Мельниковго утулуп калды. Орусиянын спортчусу финалга чыгып, Жусупбековдо көңүл жубатуучу беттештерге катышуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.
Ал көңүл жубатуучу беттештердин биринчи раундунда болгариялык балбанды жеңип алды. Коло медаль үчүн күрөштө Жусупбеков дүйнөнүн эки жолку чемпиону түркиялык Метехан Башар менен күч сынашты. Кыргыз спортчусу аны 6:3 эсебинде утуп, коло медалга ээ болду.