Болгариядагы "Дан Колов - Никола Петров" күрөш боюнча эл аралык мелдешинде кыргыз спортчулары коло медаль тагынышты.
3-мартта грек-рим күрөшү боюнча медалдар комплекти ойнотулду. Анда 60 килограммга чейинки салмак ченинде көңүл жубатуучу беттештерде эки спортчу күч сынашты. Жоламан Шаршенбеков коло медаль үчүн күрөштө орусиялык Жамболат Локаевди 3:0 эсебинде утуп алды.
Рустам Тейишов көңүл жубатуучу беттештердин биринчи раундунда түркиялык Али Элчинди 8:0 эсебинде утту. Коло медаль үчүн күрөштө дагы бир түркиялык балбан Мустафа Саглам менен күч сынашып, жеңишке жетти.