КРнын Футбол федерациясы жаңы имаратка көчтү

КРнын Футбол федерациясында кезектеги өзгөрүү болуп өттү. Мекеменин административдик кеңсеси Бишкектин Медеров-1 Б дарегинде жайгашкан Улуттук футбол борборунун имаратына көчтү. Бул тууралуу КРнын ФФсынын башкы катчысы Асылбек Кадралиев мындай дейт: “Буга чейин федерациянын 2 имараты бар болчу. Административдик кеңсеси жана Улуттук футбол борбору. Экөө шаардын эки башка жеринде жайгашып, кызматкерлер тыгыз иштей алышчу эмес. Мындан сырткары коммуналдык кызматтар үчүн да эки эсе төлөнчү. Мындай ыңгайсыздыктарды жоюуну көздөп бир имаратта иштеп баштадык. Азыр биригүүнүн жалаң оң жактарын гана көрүп жатабыз. Федерацияга көзөмөл жүргүзүүгө оңой болуп, чыгымдар да азайды”. Кошумчалай кетсек, Футбол федерациясынын расмий телефон номери өзгөрүүсүз калды - 0(312)37-49-11.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Maks312
2012-11-23 14:07:49
чыгынып туруп сонун бир стадион куруп алганыбызда жакшы болмок эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан