Токмокто турак үйдөн өрт чыгып, 74 жаштагы улгайган аял каза болду

Токмок шаарында турак үйдөн чыккан өрттөн түтүнгө ууланып 1 аял каза болду. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта белгилүү болгондой, өрт чатырдан чыккан.

"Трясинин көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 3-марттан 4-мартка караган түнү саат 03:30 чамасында келип түшкөн. Аталган даректе жайгашкан эки кабаттуу турак үйдүн жана бастырманын жыгач устундуу шифер жабылган 400 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1945-жылы туулган М.Р. аттуу аял киши болжолдуу маалымат боюнча түтүнгө ууланып каза болгон. Маркумдун жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген. Өрт 07:20 чамасында өчүрүлүп бүткөн. Кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда", - деп билдирет ӨКМнын басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан