Ошто белгисиз адамдар банкоматты талкалап, ичиндеги 900 миң сомун уурдап кетишти

Белгисиз адамдар Ош облусунун Араван районундагы банктардын биринде жайгашкан банкоматты талкалап, ичиндеги 900 миң сом акчасын уурдап кетишкен. Маалыматты SUPER.KG`ге облустун Ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Белгилүү болгондой, окуя 9-февралдан 10-февралга караган түнү болгон.

"Тонолгон банкомат Араван районунун Ленин көчөсүндө жайгашкан. Учурда бул факт "каракчылык" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынып, иликтөө иштери жүрүп жатат", - деди басма сөз кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dembele84
2019-03-04 12:54:16
Жапайылар !!!
+5
barakcha
2019-03-04 14:24:11
Кармалышат!
+1
gulmira12345
2019-03-04 14:59:48
Азыр мартго 9чу февралдагыны эми жазып атасынарвы
+4
Shaa-82
2019-03-04 15:17:18
gulmira12345,бул жаны кечээ кунку филармониянын жанындагы банкоматты талкалап кеткен.
+1
jumaev0084
2019-03-04 16:42:43
Ошто Араван району.жэ Ош облусу Араван районундабы кандай тушунсо болот
+2
Skarlett-Skarlett
2019-03-05 08:40:24
jumaev0084,Араван району,кичи район эмес
0
Flowhive
2019-03-04 18:54:10
Ушул банкоматты уурдап ачса болот экен да э
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан