Дүйнөлүк Кышкы Универсиада Красноярск шаарында 2-марттан 12-мартка чейин болот. Универсиаданын ачылышында Кыргыз желегин Алексей Вакурин көтөрүп чыкты.
Мелдеште Кыргыз спортчулары спорттун 3 түрүндө таймашка чыгышат: лыжа жарыштары жана сноуборд. Бул спорттук иш-чарага катышуу үчүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин бюджетинен 987 миң сом бөлүнгөн.
Делегациянын курамы:
Маским Гордеев – лыжа жарышы боюнча спортчу;
Евгений Тимофеев – лыжа жарышы боюнча спортчу;
Игорь Борисов – лыжа жарышы боюнча машыктыруучу;
Алексей Вакурин – сноуборд боюнча спортчу;
Тимур Губаев – сноуборд боюнча машыктыруучу;
Элзар Абдыракманов – лыжа жарышы боюнча спортчу;
Алымбек Калыс уулу – лыжа жарышы боюнча спортчу;
Кубаныч Эрмеков – делегациянын жетекчиси.
Маалымат үчүн:
Мелдешке 17 жаштан 25 жашка чейинки студенттер, мелдеш өткөрүлгөн жылдан мурунку жылы академиялык даража же диплом алган бүтүрүүчүлөр катыша алышат. Универсиадада 11 спорттун түрү боюнча 76 медаль комплекти ойнотулат: биатлон, тоо лыжа спорту, кёрлинг, лыжа жарышы, сноуборд, муз үстүндө бийлөө, фристайл, хоккей, топ менен ойнолуучу хоккей, шорт-трек.