Түркияда футболчу оюн талаасында бир канча атаандашынын денесин лезвие менен тилип салды

Түркиядагы "Амедспор" клубунун оюнчусу Мансур Чаалар беттеш учурунда "Сакарьяспор" клубунун бир канча оюнчусунун денесин лезвие менен тилип салды.

Түркиялык ЖМКлардын жазган маалыматына караганда, Мансур Чаалар оюн талаасына лезвиени катып кирген. Ал беттеш башталган учурдан тартып эле атаандаш клубдун оюнчуларынын денесин байкатпастан тилип баштаган. Мындан улам ортодо чыр чыккан. Бирок Мансур Чаалар ал учурдан да пайдаланып "Сакарьяспор" клубунун оюнчуларынын бетин жана моюнун тилип жиберген.

Беттештен кийин "Сакарьяспор" клубунун футболчулары тилинген денесин сүрөткө тартып интернетке жүктөп, андан кийин полицияга кайрылышкан. Бирок "Амедспор" клубу муну курулай доомат катары билдирүүдө.

Түркияда футболчу атаандаштарынын денелерин лезвие менен кескилеп салды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
egiz-jigit
2019-03-05 08:58:42
Устара болсо керек
0
BEKU.NUKU
2019-03-05 09:05:20
egiz-jigit,устара-стан0к го
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-03-05 09:54:32
Далил турса деле куру доомат дейбереби? Айнып калган.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан