Орусиянын "Спартак" футболдук клубунун мурдагы жарым коргоочусу Артур Валикаев "Дордой" клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу SUPER.KG`ге бишкектик клубдун басма сөз кызматкери Теңгелбес Мусаев кабарлады.
Анын айтымында, түзүлгөн келишимдин мөөнөтү 2019-жылдын аягында соңуна чыгат.
"Артур Валикаев 2-мартта Бишкекке келген. Ал медициналык кароодон өткөн соң клуб менен жаңы келишимге кол койду. Келишим 2019-жылдын аягына чейин түзүлдү. Валикаев 44-номерде ойнойт", - деди басма сөз кызматкери.
31 жаштагы Артур Валикаев буга чейин Орусиянын чемпиондугунда "Ростов", "Амкар", "Урал", жана "Спартак" клубдарында ойноп келген. Ал Орусия курама командасынын жаштар курамында 6, олимпиадалык курамдын катарында 2 оюн өткөргөн.