Таласта катуу шамалдын кесепетинен мектептин чатыры кыйрады. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы таратты. Аталган мекеме кечээ, 4-мартта кечке жуук Бишкек, Чүй жана Талас өрөөнүнүн аймагында 15-20 метрге чейин жеткен катуу шамал катталарын эскерткен.
"4-март күнү саат 17:00дөн тартып 18:40ка чейин Талас облусундагы Манас районунун Кайыңды айыл аймагына караштуу Арал айылында катуу шамал катталган. Шамал Үсөнбаев атындагы орто мектептин 600 чарчы метр жука темир менен жабылган чатырын учуруп кеткен. Шамалдын ылдамдыгы такталууда, жабыркагандар жок", - деп билдирди ӨКМнын басма сөз кызматы.
Бүгүн, 5-мартта жеринде райондук жарандык коргонуунун комиссиясы тактоо иштерин жүргүзөт. Ал эми Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында шамалдан улам материалдык чыгымдар, кыйроолор жана адам өмүрүнө коркунуч жаралган учурлар катталган эмес.
Бофорт шкаласы боюнча секундасына 17-20 метр ылдамдыкка чейин жеткен шамал жеңил конструкцияларды, айрым чатырларды учуруп, бак-шактын сынып кулашына алып келет.