"Бакай Банкы" фермерлер үчүн жеңилдетилген насыяларга арыздарды кабыл ала баштаганын жарыялайт

"Бакай Банк" ААКсы “Айыл чарбасын каржылоо-7” мамлекеттик долбоордун алкагында жеңилдетилген шарттарда насыя алууга билдирмелерди кабыл алып баштады.

Айыл чарбасын каржылоо долбоору жазгы талаа иштерин өз учурунда жүргүзүү, мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүү багытын, айыл чарба азык-түлүгүн кайра иштетүү секторун, ошондой эле айыл чарба тармагына кызмат көрсөтүүнү сунуштоону андан ары өнүктүрүү үчүн каралган.

Аталган долбоор республиканын айыл чарба азык-түлүгүн өндүрүүчүлөргө төмөнкү шарттарда жеңилдетилген насыя каражаттарын сунуштоо максатын көздөйт:

- айыл чарба азык-түлүгүн кайра иштеп чыгууга – жылдык 6%;

- бак өстүрүүгө – жылдык 8%;

- өсүмдүк өстүрүүгө – жылдык 10%;

- мал чарбачылыгына – жылдык 10%;

- асыл тукум мал сатып алууга – жылдык 10%.

Жеке ишкерлер жана юридикалык жактар карыз алуучулардан боло алышат.

Өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы, айыл чарба азык-түлүгүн кайра иштеп чыгуу, экспортко жөнөтүлүүчү продукция чыгаруу тармактары үчүн негизги карыз боюнча жеңилдетилген мезгил 12 айга чейинки убакытты түзөт.

"Айыл чарбасын каржылоо-7" долбоорунун алкагында мал өстүрүү тармагынын чарбалык субъектилери 1 насыя алуучу 3 миллион сомго чейин насыя ала алат. Үйүрлөп мал кармоону же жасалма жол менен уруктандыруучу жабдык алууну көздөгөн чарбалык субъектилер 10 миллион сомго чейин насыя ала алышат.

Насыя менен камсыздоонун артыкчылыгы өндүрүлгөн азык-түлүктү кайра иштетүүчү ишканалар менен келишим түзүп иштеген чарбалык субъектилер болуп саналат.

Потенциалдуу насыя алуучулардын коюла турган күрөөсү жетишсиз болуп калса “Кепилдик фонду” ачык акционердик коомуна кепилдик алуу үчүн арыз менен кайрылса болот.

Белгилей кетсек, “Бакай Банк” жыл сайын фермерлер үчүн жеңилдетилген насыяларды берүүнү ишке ашырып келет.

Жеңилдетилген шартта насыя алуу мүмкүнчүлүгү боюнча төмөнкү номерлер аркылуу маалымат ала аласыздар: 0 (312) 61-00-61, мобилдик телефондон: 6111, WhatsApp +996 (554) 00-61-11

"Бакай Банк" ААКсы 20 жылдан бери Кыргызстандын калкына финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири топтомун сунуштап келет. Учурда банктын 76 аманат кассасы жана филиалдар түйүнү өлкөнүн бардык регионунда тез жана ыңгайлуу кызматын сунуштап жатат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан