Испанияда темир жол кырсыгы болуп, 77 адам көз жумду

24-июлда Испаниянын түндүк-батышында темир жол кырсыгы болуп, 77 адам көз жумуп, 140тай жаран жаракат алды. Жергиликтүү ММКлар жарыялашкандай, жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан поезд Сантьяго-де-Компостела шаарынын темир жол станциясына жакындаганда 13 вагон рельстен чыгып, 4 вагон аңтарылып кеткен. Мадрид - Ферроль багытында бара жаткан поездде жалпысынан 240 жүргүнчү болгон. Кырсык поезддин жогорку ылдамдыкта келе жатканынан улам келип чыккандыгы айтылууда. Такталбаган маалыматтар боюнча, поезд саатына 220 чакырым ылдамдыкта жүрүп келе жаткан. Ал эми кырсык болгон жерде уруксат берилген эң жогорку ылдамдык саатына 80 чакырым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан